Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 29/03/2018
 

Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо
боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин
улуттук кампания өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын         25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго-кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана            17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

  1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрсүн.
  2.  Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча
    2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү мезгилинде:

1)   транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилген тарифтик торчо менен аныкталуучу транспорт каражатынын орточо рыноктук наркынын
0,1 пайызы өлчөмүндө белгиленсин;

2)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июлундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин                      68-пунктун, атап айтканда транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн жыйымдын белгиленген өлчөмүн колдонуу убактылуу токтотулсун;

3)   транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо үчүн
0,1 пайыздык жыйымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулсун:

-       бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган бюджеттик уюмдардын транспорт каражаттары;

-       гуманитардык жардам линиясы боюнча алынган транспорт каражаттары;

-       алгачкы каттоо учурларынан тышкары мураска алынган транспорт каражаттары;

-       алгачкы каттоо учурларынан тышкары түздөн-түз туугандары (күйөөсү – аялы, атасы – апасы – уулу – кызы) аркылуу белекке берүү келишими боюнча алынган транспорт каражаттары;

-       Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана салыктарды, жыйымдарды, алымдарды жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн төлөөдөн бошотуу каралган эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттары;

-       жеке менчик укугу өткөрүп берилген учурга чейин чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон транспорт каражаттары;

-       жогору турган уюмдан анын ведомстволук филиалына мамлекеттик кайра каттоо учурундагы транспорт каражаттары;

-       финансы ижара (лизинг) келишими боюнча Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан сатып алынган транспорт каражаттары;

-       жеке менчик укугу өткөрүп берилген учурга чейин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алынган Кыргыз Республикасынын банктарынын транспорт каражаттары;

-       юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк жардам катары бюджеттик уюмдар тарабынан алынган транспорт каражаттары;

4)   транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоодо мурда пайдаланылган мамлекеттик каттоо белгилери акысыз негизде берилери аныкталсын.

  1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарында маалыматтык кампанияны өткөрүшсүн.
  2.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
  3.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Партнеры