Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 03/04/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын  өзгөчө айкалышындагы  номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

       Автоунаа каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номер белгилерин сатууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын                             10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:

- Жобонун «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы» деген тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

  – 5-пунктундагы «1-5» деген цифралар «1-4» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы «1-4» жана «5» деген цифралар тиешелүү түрдө  «1-3» жана «4» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  – 19-пунктундагы «6-8» деген цифралар «5-7» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  – 21-пунктунда:

  биринчи абзацындагы «1-5» деген цифралар «1-4» деген цифралар менен алмаштырылсын;

  экинчи абзацындагы «6-8» деген цифралар «5-7» деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Тиркеме

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Партнеры