Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/10/2014
  • Просмотров: 2216

Бүткүл дүйнөлүк банктын Doing Business-2015 рейтингинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 6 позицияга чейин көтөрүлгөн. Ага Кыргызстандын «Менчикти каттоо» индикатору боюнча мыкты практикаларына жетишкендиги негиз болуп калган. Бул 2009-жылга салыштырмалуу жогору карай 46 позицияга жылышуу болуп эсептелет.

Кыргызстандын позицияларын жакшыртуу үчүн маанилүү болуп, кыймылсыз мүлктү каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөткөн реформалардын жүргүзүлүшү эсептелип калды. МККнын Кадастр департаментинин ГМС Борборунун жетекчиси Бакытбек Жусупбеков белгилеп кеткендей «Эми бүтүмдү 1 сааттын ичинде жергиликтүү каттоо органынан тариздеп кетүүгө мүмкүн болот. Кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды он-лайн режиминде Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан алууга болот, бул калк үчүн финансылык жана убакыт коротууну кыскартат. Жыйынтыгында ага зарыл болуучу жол-жоболор азайтылган». 

"Бизнес жүргүзүү - 2015" доклады бул ирет 12-жолу түзүлүүдө жана 189 өлкөнү камтыйт. Анда бизнестин анын ишмердигинин бүткүл циклинде өнүгүүсүнө шарт түзүүчү же бут тосуучу, анын ичинде ишкананы түзүүнү, бизнес жүргүзүүнү, тышкы соода ишмердигин жүзөгө ашырууну, салыктарды төлөөнү, ошондой эле инвесторлордун жана башкалардын укуктарын коргоо деңгээлин кошо камтыган жөнгө салуу ченемдери изилденет.

 

Партнеры