Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/11/2014
  • Просмотров: 2682

2014-жылдын 4-ноябрында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, «Таза Шайлоо» Ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге тегерек столдорду өткөрүүдө. Тегерек столдордун ишинде жергиликтүү райондук администрациялардын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, МАБдардын, квартал комитеттеринин, үй комитеттеринин өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ишмердик, ошондой эле биометрикалык каттоо процессиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу талкууланууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тегерек столдордун катышуучулары жарандардын биометрикалык маалыматтарын натыйжалуу топтоо боюнча өз сунуштарын киргизишет, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышат.
3-ноябрда тегерек столдор Октябрь жана Свердлов райондорунун райадминистрацияларында өткөрүлдү.

4-ноябрда тегерек столдор Биринчи май жана Ленин райондорунда саат 11.00 дө жана 14.00дө өткөрүлмөкчү.

«Таза Шайлоо» Ассоциациясынын жарандардын биометрикалык каттоо маселеси боюнча ишмердигинин алкактарында бүткүл өлкө боюнча диалог аянчаларын уюштуруу пландаштырылууда.

 

Партнеры