Опубликовано 04/11/2014
Биометрикалык маалыматтарды топтоо борбор калаабыздын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде жүргүзүлүүдө. Анын ичинде кабыл алуу пункттары 1-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министрлигинде, Октябрь райадминистрациясында, КР Президентинин аппаратында иш алып барышты.
Октябрь районундагы 63 жана 56-мектептерде жайгашкан топтоо пункттары убактылуу 10-кичирайондо жайгашкан И.Арабаев ат. КМУга көчүрүлүшкөн. Көк-Жар жаңы конушундагы 88-мектепте жайгашкан топтоо пункту убактылуу КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигине көчүрүлгөн.
Ушул жылдын 4-ноябрында маалыматтарды топтоо КРнын Жогорку Кеңешинде 5 комплект жабдуу менен, ал эми КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде 2 комплект жабдуу менен улантылган.