Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/11/2014
  • Просмотров: 2952

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы калкка маалымдоо максаттарында, төмөнкүнү билдирет:
Мурда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсү, №24 дареги боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борбору (КТБ), бүгүнкү күндөн тартып жаңы дарек боюнча өз ишин жарым-жартылай жүргүзө баштады. Эми Калкты тейлөө борбору Тынчтык пр., 95 дареги боюнча эски аэропорттун имаратында, «Ак-Кеме» отелинин каршысында жайгаштырылды.

Азыркы күнгө карата КТБ мамлекеттик маанидеги документти (паспортту) берүү боюнча гана иш алып барууда. Кийинки жумадан тартып мамлекеттик маанидеги документтерди кабыл алуу боюнча иш толугу менен жүргүзүлө баштайт.
Эскерте кетсек, КТБнын мамлекеттик маанидеги документтерди кабыла алуу жана берүү боюнча иши ушул жылдын 31-октябрынан тартып жаңы имаратка көчкөндүгүнө байланыштуу токтотулуп турган.

КТБда паспорттору алууга жана берүүгө карата билдирме арыздарды кабыл алуу, аларды даярдатууга карата акыларды кабыл алуу, фото кызматтары, каттоо-каттоодон чыгуу маселелери, визаны каттоо, Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи май райондору боюнча жарандыкты кабыл алуу жана андан чыгуу боюнча кызматтарды сунушташат.

Калган райондордо иш кадимки калыбында жүргүзүлүүдө.

 

Партнеры