Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 15/09/2017
  • Просмотров: 1881

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 14-сентябрынан тартып Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын ири райондорунда шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдууларды жана программалык камсыздоону тестирлөө иштерин жүргүзүп жатат. Тестирлөө 23-сентябрга чейин созулуп, анын жүрүшүндө шайлоочулар биометрикалык идентификациядан өтө турган этаптардын баары текшерилип, жабдуунун жана тутумдун ишинде мүмкүн болуучу бузулуулар аныкталат.

Тестирлөө тиешелүү райондогу тизмеге киргизилген шайлоочулардын катышуусу менен шайлоо участокторунда өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктар программалык камсыздоонун ишин оптималдаштырууга, жабдуулардын ишке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө, жалпы идентификацияга сарпталуучу убакытты кыскартууга жана ыктымалдуу техникалык бузуктарды азайтууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, тестирлөө шайлоочуларга өздөрүн тизмеден текшерип алууга жана идентификация технологияларында орун алган жаңылыктар менен таанышууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо манжаларынын тактары боюнча идентификациядан өтпөй калган учурларды жокко чыгаруу үчүн шайлоочуларды бетинин биометриясы боюнча идентификациядан өткөрүү мүмкүнчүлүгү киргизилди. Андан тышкары, идентификация боюнча операторлордун жумуш ордундары паспорттун MRZ-зонасын окуй турган түзүлүш менен жабдылды, тестирлөөнүн жүрүшүндө бул жабдуулардын  ишке жөндөмдүүлүгү дагы текшерилмекчи.

Тестирлөөнүн биринчи күнү 600дөн ашык шайлоочу катышып, алардын баары идентификациядан ийгиликтүү өтүштү.

 

Партнеры