Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 28/09/2017
  • Просмотров: 1535

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017 – жылдын 27 – октябрындагы № 694 тескемесине ылайык Бакчиев Данияр Бакытбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс – катчысы болуп дайындалды.

Данияр Бакчиев (1984 – жылы туулган) буга чейин Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары болуп келген.

Эмгек ишмердүүлүгү:

 

 05.2016 – 10.2017 - жылдары Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары

 

12.2013 – 05.2016 – жылдары Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын өнүктүрүү жана маалыматтык-аналитикалык иштер бөлүмүнүн башчысы

 

03.2010 – 12.2013 – жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлерди башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

 

 07.2009 – 11.2009 – жылдары Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын начальнигинин орун басары

 

01.2009 – 07.2009 – жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясынын тапшырмаларын аткарууну контролдоо секторунун референти

09.2006 – 01.2009 – жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясынын иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун референти

05.2006 – 09.2006 – жылдары  Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясынын котормо жана актыларды чыгаруу секторунун референти

Билими

Жапон эл аралык университети 2013 – ж.

• Саясатты анализдөө жана башкаруу программасы

• Диссертация: «Эффективдүү  мамлекеттик кызмат жана адам ресурстарын башкаруу»

Кыргыз Республикасынын  ички иштер Минстрлигинин Академиясы 2010

• Квалификациясы «Юрист»

Кыргыз Республикасынын   Президентине  караштуу башкаруу Академиясы 2009

• Багыты «Менеджмент», магистр

Кыргызстан Эл аралык Университети  2006

•  Магистратурынын Жогорку Мектеби « Банктык иши»

Кыргызстан Эл аралык Университети  2004

• Экономика и Бизнес Жогорку мектеби «Финансы жана Кредит»

• Кыргызстан Эл аралык Университетинин жаштар иштери боюнча Комитетинин төрагасы   

 

Партнеры