Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/01/2018
  • Просмотров: 1498

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Догоев Дастан Бишкек шаарында жайгашкан үч калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-экзамендик бөлүмүнүн ишин инспекциялады.

2017 –жылдын аягында КТБлар күнүнө 1600 дөй жарандарга кызмат көрсөтүшсө, бүгүнкү күнү эски үлгүдөгү паспортту электрондук биометрикалык идентификациялык паспортко акысыз алмаштыруу аяктаганына байланыштуу, КТБга кайрылган жарандардын саны кескин азайып,  күнүнө орточо эсеп менен 500дөй гана жаран кайрылгандагана байланыштуу КТБларда кезек күтүү дээрлик жок экендигине Кызматтын төрагасы күбө болду.

2018-жылдын 1-январынан тартып электрондук биометрикалык паспорт алуу акысы биринчи жолу, жоголгон жана жараксыз абалга келген учурда калыбына келтирүү жөнөкөй таризде 290 сом, ал эми аты жөнүнүн алмаштырган учурда 320 сомду түзөт.

Догоев Чолпон Ата 2., дарегинде жайланышкан КТБунун ишин текшерүү учурунда: “ЖААК бөлүмдөрү эч жакка көчүрүлбөйт. Жарандарга кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн ЖААК бөлүмдөрүнүн жайгашкан ордун кайра карап чыгыш керек, практика көрсөткөндөй азыркы ээлеген орду жарандарга да, кызматкерлерге да ыңгайсыз”- деп,  КТБунун экинчи кабатында жайланышкан Бишкек шаардык Свердлов райондук жана Чүй областынын Аламедин райондук ЖААК бөлүмдөрүнүн жайгашкан ордун кайрадан карап чыгуу керектигин жана калкка жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң төрага Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-экзамендик бөлүмүндө болду.

Онлайн трансляция менен камсыз кылынгандан бери, жол эрежеси боюнча экзаменди  ийгиликтүү тапшыргандардын саны 24,70% пайызга азайды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 18-декабрындагы № 819 Токтомунун негизинде жол эрежелери боюнча автоматташтырылган маалымат тутумунда экзамен тапшырууда 20 аралаш суроо жана экзаменди тапшырууга  25 мүнөт каралган.  

 

 

 

Партнеры