Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 06/02/2018
  • Просмотров: 1797
«Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун бирден-бир маанилүү шарты катары калктын мамлекеттик реестрин түзүү болуп саналат

Премьер-министр Сапар Исаков: «Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун бирден-бир маанилүүкалктын мамлекеттик реестрин түзүү болуп саналат

«Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун бирден-бир маанилүү шарты катары калктын мамлекеттик реестрин түзүү болуп саналат», – деп билдирди бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына БУУӨПтөн республиканын алыскы райондорунда мамлекеттик тейлөө көрсөтүү боюнча мобилдик комплекстерди уюштуруу үчүн микроавтобустарды тапшыруу салтанатында.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун маанилүү баскычында турат.

«Бүгүн «Таза коом» долбоорун ишке ашырууга активдүү катышып жаткан жакын өнөктөрүбүз биздин катарыбызда турат. «Таза коом» долбоору алкагында учурда 17 Калкты тейлөө борбору жана өлкө региондорунда 363 маалыматтык киоск иштеп жаткандыгын канагаттануу менен белгилеп кетким келет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, аталган чара өлкө жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик тейлөөлөрдү алуу ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

«Кыска мөөнөт ичинде санариптик трансформация процесси атамекендик экономиканын динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү менен оңдуу жыйынтыктарды бере баштады. Мамлекеттик органдардын бардык күч-аракети жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы тийиш. Бардыгы жарандын тегерегинде, анын ичинде  мамлекеттик тейлөөлөр да адам убактысын жана акча каражатын үнөмдөө үчүн топтолушу кажет», – деди ал.

Өкмөт башчыга мобилдик Калкты тейлөө борборлорунда орнотулчу жабдуулар, ошондой эле паспорттук бөлүмдөрдүн жана Жарандык абал актыларын каттоо (ЗАГС) органдарында пайдаланылчу заманбап технологиялар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, реалдуу убакыт режиминде каттоо органдарынын аймактык подразделениелеринин ишин камсыздаган, жакында ишке берилген Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун бет ачары орун алды.

Премьер-министр Сапар Исаков өлкө аймактарында калкты тейлөөчү  мобилдик Калкты тейлөө борборлорун көрүп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына БУУӨП тарабынан  тийиштүү жабдылган 16 микроавтобус берилди. Мобилдик комплекстер «Электрондук Өкмөт» тутумун түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри тутумун түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча долбоор алкагында берилген. Өлкөдө экинчи жыл ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы суммасы 5,5 млн АКШ долларынан ашуун сумманы түзөт.

Техниканы тапшыруу иш чарасына БУУ тутумунун туруктуу Координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонниа Ожиело, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура катышты.

 

тшарты катары 

 

Партнеры