Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 14/02/2018
  • Просмотров: 1785
Автокаражаттарын каттоо “Акылдуу шаар” долбооруна даярдыктардын бири

Автокаражаттарын жеңилдетилген шартта  кайрадан каттоо кампаниясы “Акылдуу шаар” инвестициялык  долбоорун ишке ашырууга багытталган даярдык болуп эсептелет.

Автоунаа ээсинин катталган жери боюнча маалыматтын дарек-маалымат бюросунда болуусу,  автокаражаттарын каттоодо негизги шарт болуп эсептелгендиктен, автоунаа ээлери өздөрүнүн катталган жери боюнча маалыматтын дарек маалымат базасында бар экендигин,  Кызматтын 119 чалуу-борборуна байланышка чыгып, же portal.tazakoom.kg порталынан текшерип алуулары зарыл.

Андан сырткары, кайра каттоодо автоунаакаражатынын ээсинин каалоосу менен мурда колдонулган мамлекеттик номер калтырылып, документтерин алмаштырбастан, автоунаа ээси боюнча маалымат “өзгөчө белгилери” катары тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Автоунаа транспорт каражатын ишеним кат аркылуу саткан же сатып алган учурда төмөндөгүдөгу  көйгөйлөр болушу мүмкүн:

  • салык төлөмдөрүн ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы боюнча айып пул боюнча кабарлоо, автоунаа каражатынын расмий ээсинин дарегине жиберилет;
  • унаанын катышы менен кылмыш иши жасалса же жол кырсыгына кабылган учурда менчик ээсинин жоопкерчилиги;
  • сатып алуучу унааны ишеним каттын негизинде алса өз атына кайра каттата албайт жана автоунаа боюнча күрөө же башка чектөөлөр боюнча маалыматтарды ала албайт;
  • мыйзамдуу ээси каза болгон учурда, ишеним кат өз күчүн жоготот жана кайра каттатууда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаа ээлерин унаа сатууда жана сатып алуу учурунда, унааны өз атына каттууга чакырат.

Партнеры