Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 20/02/2018
  • Просмотров: 2659

 

Мамкаттоо кызматы кичи калкты тейлөө борборлору (Горький көч. 1 «Г» жана   Чүй проспектиси 41б) даректери боюнча, сүрөткө тартуу жана паспортко документ кабыл алуу үчүн тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, ишке киргизилгендигин эсиңиздерге салат. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн атайын терминалдар орнотулган.

Жаңы ачылган калкты тейлөө борборлорунун негизги өзгөчөлүгү, иш күндөрү паспорт алуу үчүн документ тапшырууга  убактысы болбогон жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн иш убактысынын шейшембиден жекшембиге чейин саат 9:00дөн 19:00 гө чейин, ал эми  түшкү тыныгуу саат 14:00дөн15:00 чейин.

Азыркы учурда кичи калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү жок болгондуктан документ тапшыруу көп убакытты талап кылбайт.

Кичи калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - идентификациялык картасын алуу үчүн документтерин кабыл алуу;
  2. 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту алуу үчүн документтерди кабыл алуу;
  3. Дарек боюнча маалымат, еID-картадагы чипте сакталган маалыматтын көчүрмөсүн берүү;
  4.  Кеп кеңеш берүү
  5. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан электрондук көрсөтүлгөн кызматтардан пайдалануу боюнча бекер үйрөтүү;

ЖААК, транспорт каражаттарын, кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча кызматтар кичи калкты тйлөө борборлорунун көрсөткөн кызматтарынын катарын толуктайт.

 

 

           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Партнеры