Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 14/03/2018
  • Просмотров: 2107
Азия Молл соода эс алуу борборунда калкты тейлөө борбору ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 14 мартынан баштап «Азия Молл» соода эс алуу борборунда кичи калкты тейлөө борбору ишке берилип,  паспортоштуруу үчүн документтерди кабыл алууга жана сүрөткө тартуу боюнча бардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган. Төлөм каражаттарын кабыл алуу үчүн терминалдар да орнотулган.

Бул жаңы ачылган кичи калкты тейлөө борборунун өзгөчөлүгү, борбордун иштөө тартиби, тактап кетсек жумуш күндөрүндө документ алуу үчүн убактысы жетишпеген адамдарга ылайыкталган. Бекитилген иш тартибине ылайык жарандар кичи калкты тейлөө борборлоруна шейшембиден баштап жекшемби күнүнө чейин эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00 чейин кайрыла алышат. Ал эми дем алуу убактысы саат 14:00 дөн 15:00 чейин.

Азыркы учурда кичи калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү байкалбайт, андыктан жарандар аз убакыт ичинде паспорт алуу үчүн документтерин тапшырса болот.

 

            Эскерте кетсек, бул үчүнчү кичи калкты тейлөө борбору, анткени үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан тартып «Ташрабат»  соода эс алуу борборунда,  «Глобус» соода борборунда (ЖЭБдин карама каршысында) эки кичи калкты тейлөө борборлору ишке киргизилген.

Кичи калкты тейлөө борборлорунда төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт:

1.         ID-карта- идентификациялык картасы - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу үчүн документ тапшыруу;

2.         Жалпы жарандык паспортту алуу үчүн документ тапшыруу;

3.         Дарек маалымат системасынанан маалым кат алуу, ID-картанын чипиндеги маалыматтар боюнча көчүрмө алуу;

4.         Кеп кеңеш берүү;

5.         Электрондук түрдө  кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонуу үчүн бекер окутуу.

6. Жашаган жерине каттоо.

7. Персоналдык идентификациялык номер берүү.

Келечекте ЖААК, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк боюнча көрсөтүлгөн кызматтар ушул кичи калкты тейлөө борборлорунда да көрсөтүлмөкчү.

                                                                            

 

Партнеры