Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/03/2018
  • Просмотров: 2125
Ак-Босого конушунда калкты тейлөө борбору ачылды

Калкты тейлөө борбору Ак-Босого конушундагы №81 орто мектепбинин жанында, профессор Зима 2 дареги боюнча орун алган.

Калкты тейлөө борборун ачуу учурунда, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Конушбаев Бакыт борбордун көрсөткөн кызматтары боюнча кенен маалымат берип, азырынча бул борбордон паспорт берүү үчүн документ кабыл алуу жана туруктуу жашаган дареги боюнча каттоого коюу кызматы көрсөтүлүп, жакынкы убакта жеке идентификациялык номер берүү кызматы кошулаарын белгиледи.

Калкты тейлөө борборунун ачылышына күбө болгон жарандар калк үчүн түзүлүп жаткан ыңгайлуулуккка ыраазычылыгын билдиришип, мамлекеттик кызмат алуу үчүн бир жарым саат жол жүрүү жана кезек күтүүдөн чарчаган конуш тургундары  калкты тейлөө борборунун ачылышын жылуу маанай менен кабыл алышты.

 

  

 

Партнеры