Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/04/2018
  • Просмотров: 1729

10-апрелден тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилеринин баасын төмөндөтүү жөнүндө токтому күчүнө кирди.

Бул иш-чара, теңдеш шарттарды түзүү жана кооз мамлекеттик номерлерди сатып алууну жеткиликтүү кылуу чечими менен байланышта. Айрым комбинацияларга карата баа 56% чейин төмөндөтүлгөн. Мисалы, мурда 777 комбинациясына старттык баа 54 миң сомду түзүп турса, эми ал 30 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Ошондой эле, аукционсуз сатылуучу номерлерге карата катталган баалар 4500 сомдон 3000 сомго чейин, 2700 сомдон 1500 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Мурда, токтомго чейин жарыяланган аукциондор өзгөртүүсүз калтырылышат. Онлайн аукциондорго карата жаңыртылган жүгүртмө төмөндөтүлгөн баасы менен жана сандардын эркин комбинацияларын nomer.srs.kg сайтынан көрүүгө мүмкүн болот.

Ошондой эле белгилей кетүү керек, автотранспорт каражаттарына карата сандардын өзгөчө комбюинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуудан алынган кирешенин 91% республикалык бюджетке которулат.

 

Төмөндөтүлгөн баалардын салыштыруу таблицасы:

Партнеры