Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 17/04/2018
  • Просмотров: 1871
Эки айдын ичинде мини Калкты тейлөө борборлорунда 1000ден ашуун кызмат көрсөтүлдү

Борборубуздун төрт соода борборлорунда жайгашкан мини Калкты тейлөө борборлору үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштетиле башташкан, жана ушул тапта 1000ден ашуун кызматтарды көрсөтүшкөн. Ири КТБлардан кишилердин аз келиши жана дем алыш күндөрү дагы иштей тургандыгы менен айырмаланышат.

Мини КТБларды ачуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго кырк кадам» программасынын алкактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бизнес коомдоштук менен биргеликте 2018-жылдын акырына чейин пилоттук режимде жүргүзүү үчүн ишке ашырылган.

Борборлор жарандарды паспорт жана ЖААК (ПИН, жаңы төрөлгөндөр үчүн «сүйүнчү») боюнча документтештирүү үчүн зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдылышкан. Кызматтарга акы төлөө үчүн бул жерлерде терминалдар орнотулушкан. Жаңычылыктардын бири болуп шейшембиден тартып жекшембиге чейинки иштөө графиги эсептелет, ал жуманын иш күндөрү бошобогон жарандарга, документтерин дем алыш күндөрү тапшырууга мүмкүндүк берет.

 

Мини КТБларда каттоосунан көз карандысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкеү түрлөоү сунушталат:

1. ID-карт жана жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) тариздетүүгө жана даярдоого карата документтерди кабыл алуу.

2. ID-карт жана жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) шашылыш тариздетүүгө жана даярдоого карата документтерди кабыл алуу – 4,8 күн.

3. ID-карттагы чиптен көчүрмөлөрдү берүү.

4. Персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ыйгаруу.

5. Даректи (каттоого алуусун) каттоо.

6. Кеңеш берүү.

7. Жарандарды электрондук форматтагы МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнө пайдалануу көндүмдөрүнө акысыз үйрөтүү.

 

Мини КТБлардын даректери:

- «Ташрабат» (Горький көч., 1 «Г»);

- «Глобус» (Чүй пр., ЖЭБдин каршысы);

- «Азия Молл» (Ч. Айтматов пр., 3)

- «Глобус» (Ак-Босого ж/к, Профессор Зима көч., 204/3).

Партнеры