Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 19/06/2018
  • Просмотров: 2059
Эки жылдын ичинде 1 миллион сомго 10 ысымдуу мамлекеттик каттоо белгиси сатылды

2017-жылдан баштап «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан он ысымдуу мамлекеттик каттоо белгиси, аукционсуз, ар бири 100 сомдон сатылды. Түшкөн пайданын 100% мамлекеттин казнасына түшүп, 2017-2018-жылдарга карата жалпысынан 1000 000 сомду түздү.  

Сатылган 10 ысымдуу мамлекеттик каттоо белгилер:

- AMG

 

- DXB F3

 

- RJS

 

- LEXUS

 

- VIP 01

 

- LX1AAA

 

- NOK 01

 

- NOK 02

 

- NOK 03

 

- NUZHDOV 

 

 

 

Мындай номерлерди ар бир каалаган жаран сатып алса болот, ал үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментине арыз менен кайрылып, банктын кассасын акча каражатын төлөө жетиштүү. Жеке менчик транспорт каражатынын документи болуусу зарыл.

 

Ысымдуу номердик белгилер төмөнкү талаптарды сактоо менен даярдалат:

- ысымдуу номердик белгинин пластинасы ак фондо болушу зарыл, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлөт;

- номерде сандык. символдору (араб) жана латын алфавитинин баш тамгалары камтылышы мүмкүн;

- номерде экиден кем эмес тамга болот, алар жеке номердик белгинин баш жагына коюлат;

- ысымдуу номердик белги экиден кем эмес, бирок жетиден ашык эмес символду камтышы керек.

- ысымдуу номер төмөнкү мазмундагы символикалык комбинацияларды камтыбашы керек:

конституциялык түзүлүштү күчкө салып кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана башка каалаган мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга, согушка, зордоого жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлөнүүгө, башка элдерге жана улуттарга терсаяктык кылууга үндөөнү;

адепсиз деп эсептелген сөздөр.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын 1- июнунан баштап жарандарга жаңы үлгүдөгү  мамлекеттик номер белгилери берилип, аны  «Инфоком» мамлекеттик ишканасы даярдоодо.

 

 

Партнеры