Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/11/2014
  • Просмотров: 2829

2014-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын жарандарына 380 154 паспорт берилди, анын ичинде  Айди карта - 234 715, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөлүк паспорт) - 145 439. Бул тууралуу МККнын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен билдиришти.

Ушул жылдын 9 айында 16 жашка толгон Кыргызстандын 26 049 жараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.12.2012г-жылдагы токтомуна ылайык акысыз паспорт алышты.

2014-жылдын 1-январына карата 1974-жылкы үлгүдөгү СССРдин паспорттору бар жарандардын саны 11 миң 139 адамды түзгөн, алардын ичинен 4 миң 232си ушул жылдын 9 айында айди паспортко ээ болушту.

2014-жылдын 1-январына карата 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун алмаштырууга муктаж жарандардын саны – 183 миң 290 адады түзсө, 9 айдын ичинде 87 миң 826 адам айди паспорт алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы токтомун аткаруу максатында 4 миң 014 жарандын паспортторунун мөөнөтү өмүр бою узартылды. 

Партнеры