Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 25/06/2018
  • Просмотров: 1569

МКК 2017-жылы айдоочулук күбөлүк алуучулар жана  айдоочулар үчүн медициналык маалымкаттын   жаңы формасы киргизилгендигин эскертет.

Ошондуктан МККнын бардык каттоо - сынак бөлүмдөрүндө эски үлгүдөгү мөөнөтү жарактуу медициналык маалымкаттарды жаңы формадагы медициналык маалымкатка алмаштырууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августу № 546, «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, жаңы медициналык маалымкаттын формасы бекитилген,  аны менен бирге милдеттүү медициналык кароодон өтүү тартиби, айдоочулардын  транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөрү же чектөөлөрү бар (жок экендиги жөнүндө) экендиги жөнүндө  маалымкатты толтуруу тартиби,милдеттүү түрдө  наркологиялык текшерүүдөн жана психиатр дарыгердин кароосунан өтүү эрежеси, ошондой эле типографияга берилүүчү Медициналык корутундунун форматы бекитилди.

Ошондуктан айдоочулардан жана айдоочулук күбөлүк алуучулардан, ушул жагдайларды эске алуу менен, каттоо - сынак бөлүмдөрүнө жаңы үлгүдөгү медициналык маалымкат менен кайрылууңуздарды суранабыз. 

 

Партнеры