Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 02/07/2018
  • Просмотров: 1845
Мобилдүү калкты тейлөө борборлору алыскы райондордогу калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын тейлешет

Бардык 16 мобилдик калкты тейлөө борборлору (жаңы авто унаалар) Ош Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Ысык-көл областарына багыт алышты. Жакынкы күндөрү мобилдүү калкты тейлөө борборлору Нарын жана Чүй областарына да жеткирилмекчи.

Мобилдүү КТБ (калкты тейлөө борбору) – бул паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын каттоо кызматтарын көсөтүү үчүн бардык техникалык каражаттар менен жабдылган атайын микроавтобус. Ошондой эле аларда кассалык аппараттар, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары да бар.

Мобилдүү КТБ алыскы райондордон мамлекеттик кызмат алуу үчүн райондук бөлүмдөргө  кайрылып келген айыл тургундары үчүн жардам катары түзүлгөн.

Мобилдүү КТБ кызматынан карылар үйүндө жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жетимдер жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары колдоно алышат. Бул категориядагы жарандарга кызмат акысыз көрсөтүлөт.

16 микроавтобус Мамлекеттик каттоо кызматына БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан, Япония Өкмөтүнүн жардамы менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн алкагында «Электрондук Өкмөт» системасын түзүү үчүн берилген. Өлкөдө экинчи жылы ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы суммасы 5,5 млн. АКШ долларын түзөт.

Партнеры