2014-жылдын 9 айында республика боюнча 122 миң 215 бала төрөлгөндүгү катталган. Наристелердин төрөлүүсүнүн жогорку көрсөткүчү Ош облусунда – 26 836 жана Жалал-Абад облусунда - 23 924 катталган. Салыштырсак, 2013-жылдын ушундай эле мезгилинде 116 688 ымыркай төрөлгөн эле.
Ушул жылдын 9 айында республика боюнча 38 277 нике катталган. Жарандык абалдын актыларын каттоонун көрсөткүчтөрүнө таянсак, Ош облусунда 9 327 нике катталса, Жалал-Абад облусунда 7 559 түгөй баш кошкон, ал эми Ош шаарында болгону – 1 634 нике каталган. Өткөн жылдын 9 айында 37 612 нике катталган болчу.
2014-жылдын окшош мезгилинде 34 миң 550 адам ФАА алмаштырган.
Үстүбүздөгү жыдын 9 айында каза болгондордун саны - 26 461.
Бул тууралуу МККнын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен билдиришти.