Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 28/08/2018
  • Просмотров: 2017
Калкты мобилдүү тейлөө борборлору жер-жерлерде III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чет өлкөлүк жарандарды каттоодон өткөрүшөт

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл областында, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата ш. ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы.

Аталган иш-чара III БКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.

Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

  • белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);
  • чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
  • мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан  алууга болот (чалуу акысыз).

КРнын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтер тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:

https://grs.gov.kg/ru/subord/drnags/registration/782-rieghistratsiia-inostrannykh-ghrazhdan-i-lits-biez/

Алардын жарандары каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98720?cl=ru-ru#p1

 

Партнеры