Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/08/2018
  • Просмотров: 1665
10 айдын ичинде маалымат күркөлөрү жарандарга эки жүз миңден ашуун каттоо кызматтарын көрсөтүшкөн

 

Ачылган учурдан тартып өткөн 10 айдын ичинде маалымат күркөлөрү тарабынан дээрлик 283 миң каттоо кызмат көрсөтүүлөр сунушталган. Республика боюнча күркөлөрдүн жалпы саны – 363, алар «Кыргыз почтасы» МИсинин филиалдарында жайгашышкан жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 12 түрүн сунушташат. Эң популярдуу кызмат көрсөтүүлөр – жашаган жерин (дарегин) каттоо жана паспортту тариздетүү. Алсак, 10 айдын ичинде маалымат күркөлөрү 148 989 жашаган жерин каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн, 72 559 паспортту тариздетишкен, 42 633 кызматтар ЖААК тармагы боюнча көрсөтүлгөн жана 18 797 кызмат «балага сүйүнчү» бир жолку берилүүчү жөлөкпулду алууга карата көрсөтүлгөн.

Маалымат күркөлөрү – бул мини калкты тейлөө борборлору, аларда операторлор жарандарды никелешүүсүн, төрөлгөндүгүн, өлүмүн, аталыгын аныктоону каттоо тармактары боюнча, ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду берүү, ПИН ыйгаруу жана даректик маалымкатты алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн кабыл алууну жүзөгө ашырышат.

Маалымат күркөлөрүн ачуу жерлерин аныктоо учурунда айылдардын жана кыштактардын алыстыгы жана калкынын жыш жайгашуусу эсепке алынышкан. Аталган күркөлөр көптөгөн айыл өкмөттөрүндө орнотулушкан, бул алыскы жайгашкан жерлердин жашоочулары райондук же областтык борборго барбай туруп мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Маалымат күркөлөрүнүн жардамы менен жарандарга өз маалында документтештирүү үчүн шарттар түзүлгөн, бул ошондой эле документтештирилбеген калктын санынын кыскарышына жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Партнеры