Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 20/09/2018
  • Просмотров: 1528

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна Кулматовго К.К мурда берилген. (ID жана жалпы жарандык паспорт) паспортторду жараксыз деп таанылсын деген доо арыз менен кайрылды.

Кулматовго карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн алкагында, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан түзүлгөн комиссиянын ишишнин жыйынтыгында, Кулматов К,К. 1995-жылы Россия Федерациясынын жараны болуп туруп Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун негизсиз алган. Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» 2017-жылдын 3-апрели № 196 Токтомуна ылайык, ошондой эле комиссиянын чечими,  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан көсөтүлгөн материалдардын негизинде, калкты каттоо департаменти Кулматовго К.К мурда берилген. (ID жана жалпы жарандык паспорт) паспортторду жараксыз деп таанылсын деген доо арыз менен сотко кайрылды.

Партнеры