Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 01/11/2018
  • Просмотров: 1669

Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругуна ылайык, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишинин үстүнөн кызматтык текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Кызматтык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, айдоочулук күбөлүктү алууга тапшырылуучу квалификациялык сынак алуу эрежесинин бузулгандыгы катталып, жыйынтыгында жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматчыларына карата тартиптик жаза чаралары көрүлдү.

Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы Н. З. Алмаматов ээлеген кызматына толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү берилсе, анын орун басары Рыскулова З.Р. ээлеген кызматынан ылдыйлап, Ысык-Көл райондук каттоо-сынак бөүмүнө жетектөөчү адис кызматына которулду.

Андан тышкары Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн кызматчылары С.А. Турусбековго жана А.С. Ахматбековдорго катуу сөгүш жарыяланды.

Партнеры