Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/11/2018
  • Просмотров: 1823

Мамлекеттик каттоо кызматы, УКМКа тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы Н. З. Алмаматовдун кармалышы боюнча, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жана катардагы  паракорчу кызматкелерден арылууга багытталган бардык иш аракеттерди колдой тургандыгын билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 26 октябрында, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, кармалган кызматчыга жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн  ээлеген кызматына толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү берилсе, анын  орун басары ээлеген кызматынан ылдыйлатылган.

Учурда, Кызмат өз күчү менен таранспорт каражаттарын каттоо жаатында, департаменттин кызматчыларынын кыяматчылык менен пайдана турган мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, адам  факторун жокко чыгара турган жаңы технологияларды киргизүүдө.

2018-жылдын 2-ноябрынан тартып, Кызмат транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктү берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга багытталган, ошондой эле  Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо жана сот органдары менен өз ара байланышкан «Транспорт каражаттарынын каттоо», «Айдоочулук курамды каттоо» жана «Айдоочулук курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалымат тутумдарынын жаңыланган версиясын ишке киргизди.

Тутумдун иштөөсүнө байкоо жүргүзүүдө, аймактык бөлүмдөрдүн кызматчылары тарабынан, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курмады каттоо жаатында  келтирилген катачылыктарынын бети ачылып турат. Бул катачылыктарды жоюу үчүн Кызмат активдүү иштөөнүн үстүндө жана азыркы учурда республикабыздын аймактарында кызматтык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы, каттоо системасында коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болгон жарандарды 0 (312) 62-41-40 номери аркылуу    Кызматтын «Ишеним Телефону» байланышка чыгуусун суранат.  

 

Партнеры