Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 17/12/2018
  • Просмотров: 1826

Тизмеге  кирген 92 өлкөнүн жарандарынан башка, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндөн тартып беш иш күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдетүү.  Чет өлкөлүк жарандар каалган 57 аймактык паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүшсө болот. 2017-жылы ишке киргизилген «Чет өлкөлүк жарандарды каттоо» автоматташтырылган маалымат системасында жүргүзүлөт.  

Мурда чет өлкөлүк жарандарды каттоо фнкциясын паспорттоштуруу бөлүмүнүн бир гана кызматчысы аткарса, азыркы учурда каттоону, бөлүмдүн бардык кызматчылары  жүргүзүшөт.

2017-жылы «Чет өлкөлүк жарандарды каттоо» автоматташтырылган маалымат системасында 220 миң 888 чет өлкөлүк жаран катталса, 2018 –жылдын биринчи жарымында 219 миң 987 чет өлкөлүк жаран каттоодон өткөн.

Кыргыз Республикасына турист катары жана өзүнүн иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер негизинде жүргүзүлөт:

1) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу жеке жактар үчүн:

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын арызы;

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн;

- жеке адамдын атынан өтүнүч кат менен өкүл кайрылган учурда кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашай туруу укугу жана алардын көчүрмөлөрү;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция (100 сом);

2) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн:

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция (100 сом).

Эгерде Тизмеде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн жарандарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында келүү  мөөнөтү, Тизмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык болсо, алар  турган жеринен каттоодон өтүүсү зарыл. Каттоо тартиби менен англис тилинде чет өлкөлүк жарандар Registration of foreign citizens and persons without citizenship  шилтемеси аркылуу тааныша алышат.

Партнеры