Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 26/12/2018
  • Просмотров: 259
№ 21 мектеп интернатынын 335 тарбиялануучусу жаңы жылдык белектерди алышты

Жаңы жыл майрамын утурлап, Мамлекеттик каттоо кызматы угуусу начар балдарга атайын билим берүүчү №21 балдар интернатынын тарбиялануучуларын куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

2018-жылдын 26 декабрында, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү социалдык мекемелерге жардам көрсөтүү максатында,  №21 балдар интернатынын жаңы жылдык майрамына катышып, тарбиялануучуларга жаңы жылдык таттуу белектерди тапшырышты. Аталган интернатта 335 бала тарбияланууда.  

Белектерди тапшыруу менен, Мамкаттоонун адистери интернаттын тарбиялануучуларын жана кызматчыларын куттуктап, бардык тарбиялануучуларга окуудагы жетишкендиктерди жана максаттарынын орундалышын каалашты.

Мектептин тарбиялануучулары конокторго өз өнөрлөрүн көргөзүшүп: майрамдык ырларды ырдалып, ыр окулуп, даярдалган бийлерди бийлеп беришти.

Партнеры