Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 08/01/2019
  • Просмотров: 2863

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, 2019-жылга карата транспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо колдонулулуучу  5% жана 0,3% жаңы тарифтик торчо күчүнө кирди.

Транспорт каражатын биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5% түзсө, кайра каттоодо 03% көрсөткүчтү түзөт. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы №302 токтомунун негизинде, кайра каттоодо алынуучу жыйым 1% көрсөткүчтөн 0,3% төмөндөгөн.

Тарифтик торчо транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти тарабынан транспорт каражаттарынын орточо базар наркына жараша аныкталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылат.

Транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу акыркы эки жылда болжол менен бир деңгээлде калып, жыйымдардын наркынын өсүү тенденциясы жок.2019- жылга карата бекитилген жаңы тарифтик торчодо транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо жыйымдардын наркы 2018-жылдын деңгээлинде калды.

Мамлекеттик каттоо кызматы унаа ээлерин, транспорт каражаттарын сатып алуу жана сатууда милдеттүү түрдө бүтүмдү Кызматтын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат. Бүтүмдү мамлекеттик каттоо менен, унаа каражатына ишеним каттын негизинде ээлик кылуунун айынан келип чыкчу ар кандай жагдайлардан арыласыз. 2019 жылга карата тарифтик торчо.

 

 

Партнеры