Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 16/01/2019
  • Просмотров: 1481
А. Туйбаева өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин текшерди

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева үстүбүздөгү жылдын 14, 15-январында Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарында  иш сапары менен болуп келди.

Иш сапарынын алкагында, төрагасынын орун басары Ош облусунун, Баткен облусунун аймактык жана Кызыл-Кыя шаарындык каттоо-экзамендик-пункттунун ишин текшерди. Адистердин «Транспорт каражаттарын каттоо», «Айдоочулук курамды каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумдарында иштөөсү менен таашышып, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамда каттоо департаментинин жана    маалымат кызматынын атайын борбору мамлекеттик мекемесининнун ордуна жаны түзүлүп жаткан «Унаа» мамлекеттик мекемеси жоюлушу жөнүндө да сөз болуп, төраганын орун басары жаны мекеменин максаты, алып баруучу иштери жана түзүлүшү боюнча да түшүндүрмөлөрдү берип кетти.

«2019-жылдын аймактарды  өнүктүрүү жана санариптештрүү жылы –деп жарыяланышы менен, санариптештирүүнүн фундаменти болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу, калкктын талабына жооп берүү маселелери биринчи орунга чыгып, бүгүнкү күндө алдыбызда жаңы технологияларды киргизүү менен көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу маселеси турат. Ошондуктан реформаларындын негизги элементи бардык бөлүмдөрдүн калкка кызмат көрсөтүүсүн «бирдиктүү терезе» жаңы форматына өткөрүү» -  деп төраганын орун басары кызматчыларгы кайрылды.

Андан соң, «бирдиктүү терезе» форматына өткөрүүгө байланыштуу реконструкцияны пландаштыруу үчүн, аталган бөлүмдөрдүн имараттарын текшерүүгө алды.

Ошол эле күнү төраганын орун басары Ош, Баткен шаарларынын калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышып, иш сапарынын соңунда Баткен областык жетекчилигинин өкүлдөрү менен Баткен элинин мамлекеттик кызмат алуусунун сапатын жакшыртуу, калкка ыңгайлуу шарт түзүү боюнча маселелрди талкуулашты. 

 

Партнеры