Буга чейин Бишкек шаарындагы Л. Толстой көчөсү, 24 дарегинде иштеп келген Калкты тейлөө борбору 2014-жылдын 10-ноябрынан баштап “Ак-Кеме” мейманканасынын каршысында, Тынчтык проспекти, 95 дарегинде жайгашкан эски аэропорттун имаратында иштей баштады.
Ушул жылдын 31-октябрынан баштап Калкты тейлөө борборунун иши жаңы имаратка көчүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотулуп, 4-ноябрда гана жарым-жартылай иштей баштаган.
Азыркы учурда Калкты тейлөө борбору кадимки режимде иштеп, баш калаанын Октябрь жана Биринчи май райондорунун жашоочуларына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп жатат:
Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору (Бишкек ш. КТБ) тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги:
1. 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту КР жаранынын паспортуна (ID) алмаштыруу;
2. 1994-жылкы үлгүдөгү каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткен паспортту КР жаранынын паспортуна (ID) алмаштыруу;
3. ID картты жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту КР жаранынын жалпы жарандык паспортуна (ЖЖП) алмаштыруу;
4. Жашаган жери өзгөргөндө ID картты ID картка алмаштыруу;
5. 1974-жылкы үлгүдөгү паспортту КР жаранынын паспортуна (ID) алмаштыруу;
6. Жеке маалыматтары өзгөргөгдүгүнө байланыштуу паспорт алмаштыруу;
7. Улуту өзгөргөндүгүнө байланыштуу паспорт алмаштыруу;
8. Жаш курагы жеткенде ID берүү;
9. Бузулгандыгына (ID же 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт) байланыштуу паспорт берүү;
10. Бузулгандыгына (1974 -жылкы үлгүдөгү паспорт) байланыштуу паспорт берүү;
11. Жоготкондугуна (ID же 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт) байланыштуу паспорт берүү;
12. Жашы жете элек балдарга жалпы жарандык паспорт (ЖЖП) берүү;
13. Жоготкондугуна байланыштуу ЖЖП берүү;
14. Жоготкондугуна байланыштуу жашы жете элек балдарга ЖЖП берүү;
15. Жоготкондугуна (1974 -жылкы үлгүдөгү паспорт) байланыштуу паспорт берүү;
16. Өз убагында документтештирилбегендерге берүү;
17. Аскер кызмматчыларын жана запаска бошотулгандарды документтештирүү;
18. Эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандарды документтештирүү;
19. КР жарандарын жашаган жери боюнча каттоо эсебине тургузуу;
20. КР жарандарын жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгару;
21. Жарандарды жүргөн орду боюнча каттоо (КМШ жана БИ талондор боюнча);
22. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча КР жарандыгын алуу (21.05.2007-жылдагы № 70 “Жарандык жөнүндө” КР мыйзамы);
23. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча КР жарандыгын алуу (22.12.2005-жылдагы № 185 Кыргыз Республикасы менен Украина Республикасынын ортосундагы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча жарандык алуу боюнча макулдашууга ылайык);
24. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча КР жарандыгын алуу (13.12.1999-жылдагы № 684 КР, БР, РК жана РФ ортосундагы – төрт тараптуу макулдашууга ылайык);
25. ТР жарандары тарабынан КР жарандыгын алуу (03.04.2006-жылдагы № 220 Жобого ылайык);
26. ТР келген качкындар тарабынан КР жарандыгын алуу (25.05.2004-жылдагы № 380 КР менен ТР ортосундагы макулдашууга ылайык);
27. Жалпы негиздерде КР жарандыгын алуу;
28. КР жарандыгынан чыгуу (21.05.2007-жылдагы “Жарандык жөнүндө” КР
№ 70 мыйзамына ылайык);
29. Жашоого уруксат берүүнү (убактылуу, туруктуу) тариздөө боюнча кызматтар;
30. Жашоого уруксат берилген чет өлкөлөрдүн жарандарын каттоо боюнча кызматтар;
31. КР Президентинин Жарлыгы боюнча КР жарандыгын алгандан кийин паспорт берүү;
32. Туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүүгө документтерди тариздөө;
33. Өзбекстан Республикасына баруу үчүн жашы жете элек балдарга ичмекти (вкладыш) тариздөө;
35. Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына баруу үчүн жашы жете элек балдарга ичмекти (вкладыш) тариздөө;
36. Үй китепчесин жоготуу;
36. Ф-7 эсепке алуу картасын жоготуу;
37. ID-карт же 1994-жылкы үлгүдөгү каттоосу жок паспорт жоголгондо зарыл болуучу документтердин тизмеги;
38. Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасына чакыруу.