Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/02/2019
  • Просмотров: 2031
Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк  паспорттор рейтингинде 76 орунду ээледи

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту 2019-жылы дүйнөдөгү таасирдүү документтердин рейтингинде 76 орунду ээледи. Таасирдүү документтер рейтинги Henley & Partners компаниясы тарабынан жыл сайын  200 өлкөнүн паспорттору боюнча өткөрүлүп  турат. Аталган рейтингде Казакстан паспорту 67 оорунду ээлесе, Өзбекстандын жана Тажикстандын паспорттору 80 орунду ээлеген.

Henley & Partnersдин паспорттор рейтингинин сап башында Жапониянын паспорту, андан бир тепкич ылдый Сингапур жана Түштүк Корея турса, үчүнчү орунда Франция жана Германия өлкөлөрүнүн паспорттору турат. Необходимо отметить, что данные показатели можно улучшить с внедрением документов нового поколения, так как это положительно повлияет на имидж государства и способствует упрощенному режиму получения виз и посещения иностранных государств.

Белгилей кетсек, аталган рейтингдеги көрсөткүчтү, жаңы муундагы паспортторду киргизүү менен жакшыртуу мүмкүнчүлүгу бар. Жаңы муундагы паспортторду киргизүү мамлекеттин кадыр баркына оң таасирин тийгизип, жарандардын виза алуусуна жана чет өлкөгө чыгуусунда жеңилдик алып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандык авиациянын эл Аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө чыгууда колдонулуучу электрондук жалпы жарандык паспортту (ePassport) ишке киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Жаңы муундагы паспорт мурдагылардан айырмаланып ээсинин жеке маалыматы жазылган чип орнотулган поликарбонат баракчасы, ошондой эле лазердик жана өзгөчө мөөр басуу 2 ыкма менен басып чыгаруу.

Жаңы документтин коопсуздугун 40 коргоо элементтери камсыз кылып, бул документ менен чек арадан өткөн учурда, жарандын ким экендигин аныктоо тез жүргүзүлүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрүп, чет мамлекеттерге баруу үчүн виза алууда оң таасирин тийгизип, ошондой эле чет өлкөлөргө бат-бат чыккан жарандар үчүн паспорттун визалык беттеринин 34 төн 50 чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Партнеры