Опубликовано 13/11/2014
Бүгүн, 13-ноябрда, Кожомкул атындагы спорт ордосунда мамлекеттик кызматчылардын арасында ар жылы өтүүчү спартакиаданын финалдык оюндары жана финалчыларга кубокторду, медалдарды жана дипломдорду салтанаттуу тапшыруу болду.
МККнын командасы 3:2 эсебинде КР Жогорку Кеңешинин командасын жеңип алды, волейбол боюнча эркектердин командасы үчүнчү орунду алса, аялдардын арасында ок атуу боюнча биринчи орунга, бильярд боюнча экинчи орунга ээ болдук. Спортчуларыбызды куттуктайбыз!