Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 12/02/2019
  • Просмотров: 3579

«Коопсуз шаар»  долбоорунун ишке кириши менен Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегине:

транспорт каражатын өзүнүн атына каттоо үчүн транспорт каражатын ишеним каттын негизинде башкарган жак тарабынан унаанын ээсин издөөсү;

транспорт каражатынын ээси тарабынан ишеним каттын негизинде унааны башкарган жакты транспорт каражатын жаңы ээсине  каттоо үчүн издөөсү сыяктуу көптөгөн суроолор түшүүдө.

Бул көйгөйдү чечүү максатында Мамлекеттик каттоо кызматы   электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн автоунаа ээлери бири-бирин издөө механизмин иштеп чыгып, «транспорт каражатынын ээсин издөө» кызматын ишке киргизди.

Бул кызмат транспорт каражатын ишеним катынын негизинде унаасын  саткандарга да, сатып алгандарга да бирдей издөө мүмкүнчүлүгүн түзүп, автоо ээлеринин билдирүү калтыруучу аянтча болуп эсептелет.

Кызматты колдонууну каалаган автоунаа ээлери Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталынын «Транспорт» бөлүмүнө: https://portal.srs.kg/ru/service/29c72dcb-9229-44c0-aba3-0bf984e611c7 кирип, тиешелүү маалыматтарды калтыруусу зарыл. Бардык тараптарга маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, кабыл алынган маалыматтар Порталдын бардык колдонуучуларына жетиштүү. Аталган кызматтан колдонуу атайын каттоодон өтпөстөн жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күнү «Транспорт каражатынын ээсин издөө» кызматы транспорт каражатын кайра каттоодо унаалардын ээсин издөө маселесин  чечүүчү жана  унаа ээлерин издөө боюнча жалгыз ресурс болуп эсептелет. Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы унаа каражатынын ээлерин издеген жарандарды аталган кызматтан пайдаланууга чакырат.

Толук маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматтын «119» кыска номери аркылуу алсаңыздыр болот. (чалуу бардык мобилдик операторлордон акысыз)   

Партнеры