Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 24/06/2019
  • Просмотров: 2584

Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө караштуу малекеттик каттоо кызматы киргизилип жаткан жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирет. 

Жаңы үлгүдөгү документтерди киргизүү талабы төмөнкү жагдайларлар менен шартталган. Азыркы учурдагы колдонуудагы айдоочулук күбөлүк, 2011-жылдан баштап берилип, 8 жыл аралыгында коргоо белгилери жана сапаты эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес. Сапатын жогорулатуу жана  документти жасалмалоону жокко чыгаруу талаптарына ылайык, ошону менен битрге эле тез өзгөрүүчү дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен айдоочулук күбөлүктү  жаңылоо учурдун талабы.

Жаңы үлгүдөгү документ, жакшыртылган дизайн менен бирге, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап алдыңкы технологияларды эске алуу менен көптөгөн коргоо элементтери менен айырмаланат. Мындан тышкары,  жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр, замандын талабына ылайык айдоочунун өздүгүн идентификациялайт. Аталган айдоочулук күбөлүк Кыргыз Республикасындагы төртүнчү муундагы айдоочулук күбөлүк болуп эсептелет. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүү, жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча планын ишке ашырууда  каралган. Жаңы айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөт менен берилет.

Айдоочулук күбөлүктүн кириш, анын баасынын арзандашына да алып келет. Биринчиден айдоочулук күбөлүктүн наркынын Еврого болгон көз карандылыгын жокко чыгаруу менен, улуттук сом менен баалоого өтүү пландаштырылууда. Белгилей кетсек, айдоочулук күбөлүктү жекелештирүү да жеке менчик компаниядан мамлекеттик мекемеге  өтөт. Ошондуктан бул анын баасына да таасир этип, жеке менчик компаниянын кирешесин кошпогодо,  40-50 пайызга төмөндөйт.

         Ошол эле учурда, мурда берилген айдоочулук күбөлүк жарамдуу мөөнөтү аяктаганча жарамдуу болуп, жаңы айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлөт.  Айдоочулук күбөлүктү берүүгө өтүүдө, айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу же мөөнөтүнүн бүткөнүнө байланыштуу алмаштырып жаткан айдоочуларга,  убактылуу айдоочулук күбөлүктөр берилет.

Убактылуу айдоочулук күбөлүктө, азыркы учурдагы колдонуудагы айдоочулук күбөлүктөрдө көрсөтүлгөн, тийиштүү маалыматтар камтылган. Ошол эле учурда бул убактылуу күбөлүтү жасалмалоодон коргоо үчүн атайын QR-код автоматташтырылган маалыматтык тутумдарда көрсөтүлгөн айдоочу тууралуу купуя маалымат көрсөтүлгөн. Мындай убактылуу документ бекер берилет.

 

 

 

Партнеры