Опубликовано 24/06/2019
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган иш чаранын алкагында, почта кызматкерлери аталган сейил бакта 50 эмен багын отургузушкан.
Отургузуу, Бишкек жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын агрономдорунун көзөмөлү менен жүргүзүлүп, учурда отургузулган бактар шаар тургундарын жашыл жалбырактары менен кубандырууда.