Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 24/06/2019
  • Просмотров: 3270
Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө графиги өзгөрдү

2019-жылдын май айындагы Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын, калкты тейлөө борборлорун ишмердүүлүгүн текшерүүсүнүн жыйынтыгында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө калкка жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарында жайгашкан калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Эми Бишкекте жайгашкан калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз  саат 08.00 дөн 19.00 чейин жарандарды кабыл алышат.

Борбор калаанын калкты тейлөө борборлору күн сайын  1500-2000 жаранды тейлешет. Учурда, калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, кезек күтүүлөрдүү жокко чыгарууга арналган иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, эсиңиздерге сала кетсек,  Бишкек шаарында эс алуу күндөрүндө жарандарды саат 10:00 дөн 19:00 чейин кабыл алуучу  3 кичи калкты тейлөө борборлору да иштешет.

Эртең мененки саат 08.00 дөн 19.00 чейин төмөнкү калкты тейлөө бороборлору иштеп башташат:

1-КТБ Медеров көч 44/1 Ж.Пудовкин көчөсү менен кесилишинде

(Биринчимай райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, Октябрь райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү)

2- КТБ Ч.Валиханов көч 2

(Свердлов, Аламедин райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү)

3 – КТБ  Жаш.Гвардия буль. 4/Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишинде

(Ленин райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү).

 

Партнеры