Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 14/11/2014
  • Просмотров: 2333

“ЖААК” автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү мамкызматтарды алуучулардын маалыматтык базасындагы өлүү жандарды жок кылууга шарт түзөөрүн, 13-ноябрда өткөн “Республика” фракциясынын жыйынында мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А. Шаикова билдирди.

“ЖААК” маалымат базасын автоматташтыруу процесси алга жылып жатат, программа азыр Бишкекте жана Чүй облусунун Сокулук районунда апробацияланды, өткөн жумада адистердин тобу Таласка жөнөп кетти”, - деди А. Шаикова.

Төрага автоматташтыруунун маңызы  - адамдардын төрөлүү, каза болуу, бала асыроо, фамилиясын өзгөртүү, никени каттоо жана бузуу фактыларынын баары МККНын тутумундагы ЖААК департаментинде аккумуляциялангандыгында экендигин түшүндүрдү.

“Булардын баарын каттоо ПИНдин негизинде жүргүзүлүүсү керек, жаңы программада бул шарт каралган. ЖААК кызматкери ПИНди кигизет, ал эми программа болгон маалыматтын баарын берет. Мен дайыма “ЖААК” тутуму жалпы калктын регистринин фундаменти экендигин айтып келем, анткени биз өлүү жандар бар экенин жокко чыгарбайбыз. Акырындык менен мамлекеттик органдардын баары ушул программаны пайдаланышат.  Мамамлекеттик кызматтарды, пенсияларды, жөлөкпулдарды алуучулар такталат деген чоң үмүтүбүз бар”, - деп кошумчалады А. Шаикова.

Булак: "Акипресс" МА  http://kg.akipress.org/news:606360

Партнеры