Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/07/2019
  • Просмотров: 1865
Баткен областында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишкек ашыруунун алкагында, Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы  Баткен шаарында заманбап жаңы форматтагы калкты тейлөө борборун ачты.

Калкты тейлөө борборунда туулгандыкты каттоо, некени жана ажырашууну каттоо, аталыкты аныктоо, аты –жөнүн өзгөртүү жана паспорт алууга документтерди тапшыруу сыяктуу паспорттоштуруу жана ЖААК органдарынын кызматтары көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, калкты тейлөө борбору мурда жайгашкан имараттын 150 чарчы метринде жайгашкан  болсо, азыркы учурда жаңы имараттын жалпы аянты 333 чарчы метр, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын каражатына капиталдык ремонттон өткөрүлүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Тейлөө борборунда кондиционер, видео көзөмөл жана электронддук кезек күтүү жабдуулары орнотулган.  Аянты маалымат алуу, күтүү залы, документ тапшыруу жана башка кошумча кызмат көрсөтүү сыяктуу зоналарга бөлүнгөн.

Жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн керектүү документтин тизмеси, сүрөткө түшүү, кызмат акысын төлөө үчүн кассалар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектектелген  жарандар үчүн да шарттар каралган.

Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде 16 жашка чыккан жаранга паспорт жана жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Белгилей кетсек, 4 июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен областына болгон өзүнүн иш сапарынын алкагында, калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Партнеры