Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 18/11/2014
  • Просмотров: 2577

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы “Таза Шайлоо” ассоциациясы менен бирге республиканын калкынын арасында биометрикалык каттоо маселелери боюнча маалымдоо- түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүп жатат.

Кампания старт алгандан бери Кыргызстанда 37 тегерек стол жана  жарандардын 31чогулушу өткөрүлдү, аларда биометрикалык каттоого байланыштуу маселелер деталдуу талкууланды.

Жергиликтүү актив менен биометрикалык каттоонун мааниси, топтоонун жол-жоболору, жеке маалыматтарды коргоо жана пайдалануу, Калктын бидиктүү мамлекеттик реестри (КБМР) жана анын жаңы үлгүсү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, азыркы учурда волонтерлор калк көп чогулган жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.  Учурда 7000ден ашык маалыматтык материалдар таратылды.

Бишкек жана Ош шаарларында “Таза Шайлоо” ассоциациясынын маалыматтык-ресурстук борборлору ачылды, анда күнүгө саат 09-00дөн 18-00гө чейин борборлордун кызматкерлери жарандар үчүн кызуу телефон байланышы аркылуу биометрикалык маалыматтарды топтоонун жол-жоболору жана топтоо түйүндөрү тууралуу маалыматтарды берип жатышат.

“Таза Шайлоо” ассоциациясынын маалыматтык-ресурстук борборлорунун даректери: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 100.

тел.: 0 (312) 663848, 664483,

о (777) 91-10-27

irctazashailoo@gmail.com

Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 209, 6-кабат.

тел.: 0 (3222) 24438,   0 (777) 91-10-24

 osh.info.rescenter@gmail.com

Партнеры