Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 01/08/2019
  • Просмотров: 1928
Жаңы үлгүдөгү  Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк  колдонууга киргизилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, 2019-жылдын 26-июлунан баштап транспорт каражатын каттоо жөнүндө жаңы үлгүдөгү күбөлүк берип башталгандыгын билдирет. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт.

Киргизилген жаңы үлгүдөгү күбөлүк 2019-жылдын 26-июлунан тартып катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт. Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы.

Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүк  жакшыртылган дизайн, жыйырмадан  ашык  күчөтүлгөн коргоо элементтери менен киргизилип, сапатын жогорулатуу жана коргоо элементтерин күчөтүү менен бирге эле жаңы келишимдин негизинде күбөлүктүн баасы улуттук валюта менен бекитилип 192 сомду түздү. Бул мурдагыдан төрт эссе арзан. Эсиңиздерге сала кетсек, мурдагы түзүлгөн келишим боюнча аталган документтин наркы 10 евро (орточо эсеп менен 800 сом) болуп келген.

 Киргизилген жаңы үлгүдөгү күбөлүк толугу менен 1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө Вена Конвенциясынын талаптарына жооп берет.

Мамлекеттик каттоо кызматы транспорт каражаттарын каттоо иштерин оптимизацилоодо иштерин улантып келет. Бул багытта акыркы убакытта Кызмат тарабынан  сунушталып, укук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген. Тактап кетсек, 2018-жылдын 3-июлунан тартып  транспорт каражатын кайра каттоодо бекитилген тарифтик торчого ылайык алынуучу төлөм 1%дан  0,3% чейин арзандатылды, 2019- жылдын 1- январынан тартып транспорт каражытына болгон салык, бир жыл ичинде бир гана жолу алынат (мурда, автоунаа ээси алмашканда кайрадан автоунаа үчүн салык төлөө талабы),  ошодой эле 2019 –жылдын июнь айынан тартып транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүк баасы да 10евродон 192 сомго чейин арзандатылды.

 

Партнеры