Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 18/11/2014
  • Просмотров: 2344

МККнын Штабынын маалыматтарына ылайык, Бишкек шаарында биометрикалык маалыматтарды топтоо баштагандан бери 40 миң 072 адам катталды.

17-ноябрдан баштап стационардуу топтоо түйүнү Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда,  Октябрь районундагы № 6 МАБдын имаратында кайрадан иштей баштады.

КР Коргоо министрлигинде, Бишкек мэриясында, Свердлов райадминистрациясында жана Тез жардам станциясында маалыматтарды топтоо иштери улантылууда.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо бүткүл өлкө боюнча, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Жалал-Абад облустарында жүргүзүлүп жатат.

Жалпы республика боюнча 20-октябрдан баштап 17-ноябрга чейин 78 миң 31 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышты, 693 биометрикалык маалыматтарды топтоо түйүнү ачылган, алардын 53ү Бишкек шаарында иштеп жатат. 

Облус

2014-жылдын 17-ноябрына карата ачылган түйүндөрдүн саны

2014-жылдын 10-ноябрынан баштап 17-ноябрына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырган адамдардын саны

1

Нарын

68

5104

2

Талас

50

3411

3

Ысык-Көл

40

1700

4

Жалал-Абад

123

5343

5

Ош облоусу

146

10024

6

Ош шаары

36

5572

7

Чүй

125

3776

8

Баткен

52

5028

Партнеры