Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 31/12/2019
  • Просмотров: 1734

Белгилүү болгондой, 2019 –жылдын 31-декабрында ЕАЭБге мүчө эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан алынып келинген транспорт каражаттарына карата жеңилдетилген бажы алымдарынын мезгили аяктайт.

Буга байланыштуу 2019-жылдын акыркы айларында 2018-жылга салыштырмалуу Унаа мамлекеттик мекемесинен биринчи жолу каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-декабрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алуу күндөрү болуп жарыялангандыгына байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамына ылайык, автомототранспорт каражаттарын сатып алууда же автомототранспорт каражаттарын кайра каттоого алып келген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүгө милдеттүү экендигин эсиңиздерге салат.

Кыргыз Республикасынын аймагына 2019-жылдын акыркы күндөрү (30,31-декабрь) алынып келинген транспорт каражаттары 2020-жылдын он иш күнүндө катталат, Мыйзамда көрсөтүлгөн 10 күндүк мөөнөт 2020-жылдын 8 январынан тартып саналат.

 

Партнеры