Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/03/2020
  • Просмотров: 1228
2019-жылдагы катталган нике жана ажырашуу

2019-жылы республика боюнча 49395 нике катталган. Никеге туруунун көпчүлүгү Ош(11,5 миң)  жана Жалал-Абад (9 миң)  областарында болсо, Бишкек шаарында бул көрсөткүч 7 миңден ашык. Ал эми  Нарын (1,7 миң) жана Талас(1,6 миң)  областарында никени каттоо аз жүргүзүлгөн.    

2019-жылы 10995 үй-бүлө ажырашуусун каттатса, 2018-жылы ажырашкандардын 10434 катталган.

Бул рейтингдин алдынкысы Ош областы – эки миңден ашык, экинчи орунда ошондой эле эки миңден ашык ажырашуу менен Бишкек шаары. Үчүнчү Чүй областы 1951 ажырашуу катталган.  

Ажырашуунун саны 500дөн ашык катталбаган аймактардын катарында Ош шаары, Нарын жана Талас областары. Ысык-Көл жана Баткен областарында ажырашуулардын саны 900 жакын.

Партнеры