Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/03/2020
  • Просмотров: 1057

 

 

Коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын отурумунун 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоонун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу жөнүндө Кодекстин 275-беренесинде каралган айыппулдар жана эскертүүлөр колдонулбашы боюнча чечим кабыл алды. Бул чечим республика боюнча колдонулат.

Аймактык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуу үчүн, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан  чукул кырдаалдар учурунда төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоонун мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн жарандарга айып пул төлөөгө же эскертүү берүүгө тыюу салган кат жөнөттү.

Ошентип, ата-энелер көрсөтүлгөн мөөнөттө төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн айып пул төлөбөстөн кийинчерээк алууга болоорун билдиребиз.

Коронавирустук инфекциялардын жана оорунун жайылышына жол бербөө үчүн өтө зарыл болбосо  калкты тейлөө борборлоруна жана аймактык жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына баруудан убактылуу баш тартууңуздарды суранабыз.

Биз түшүнүү менен кабыл алууңуздарга ишенебиз жана чыдамдуу болууну суранабыз.

Партнеры