Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/03/2020
  • Просмотров: 1052

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде «Унаа» ишканасынын бөлүмдөрү, калкты тейлөө борборлору жабылат
Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында, Жалал-Абад областынын Сузак районунда, ошондой эле Баткен областында, 2020-жылдын 31-мартынан тартып Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволук бөлүмдөрү  өлкөдөгү кырдаал турукташмайынча жабылат.
Алар: калкты тейлөө борборлору, «Унаа» мекемесинин, «Кыргыз почтасы» ишканасынын жана Архив агентствосунун бөлүмдөрү, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрү.
Тийиштүү чечим 27-мартта Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
Өзгөчө абал киргизилбеген республиканын башка аймактарында, ведомстволук бөлүмдөр кадимки режимде иштейт.
Каттоо кызматы чет өлкөлүк жарандардын каттоосун узартуу, ошондой эле 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу калкты тейлөө борбору ачылгандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин эскертет. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренесинде каралган айып пул салынбайт. Бул чечим республика боюнча колдонулат.

Партнеры