Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 02/04/2020
  • Просмотров: 1077

COVID19: Санариптештирүү жолу менен, Мамлекеттик каттоо кызматы Республикалык штабга көмөк көрсөтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун мамлекеттик кызматтарды санарип форматка өткөрүү боюнча саясатынын алкагында, киргизилген өзгөчө абалды жана коронавирустун  алдын алуу чараларын эске алганда, санариптик технологияны жайылтуунун актуалдуулугу өсүүдө.
Мамлекеттик каттоо кызматы коронавируска байланыштуу карантиндеги жарандарды электрондук каттоосун жүргүзүп, кагаз анкеталарды санариптештирүүдө түздөн-түз жардам көрсөтүүдө.
Республикалык штабга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын 20дан ашык адиси жөнөтүлдү.
Карантиндеги жарандарды каттоонун атайын автоматташтырылган тутуму Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин IT-борборунда иштелип чыккан.
Ошондой эле маалыматтарды киргизүүнүн ыкчамдыгын камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясына 10 ноутбукту тапшырды. Бул лаборатория коронавирусту аныктоо боюнча жасалган тесттердин жыйынтыгынын негизги эсебин жүргүзөт.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендантына үзгүлтүксүз иштөөсүн жана электрондук өткөрмө кагаздары берүүнү камсыз кылуу үчүн 25 комплект ноутбук өткөрүлүп берилди.

Партнеры