Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 09/04/2020
  • Просмотров: 1552
«Санарип аймак» системасы иштелип чыкты
«Санарип аймак» системасы иштелип чыкты
2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялангандыгынын алкагында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкты. 
  «Санарип аймак» системасынын ишке киргизилиши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө адистердин ишин автоматташтырууга багытталган.
Системаны 484 айыл өкмөтүндө ишке киргизүү пландаштырылууда.
Системаны түзүүнүн негизги максаттары:
- жаңы технологияларды колдонуу менен айыл өкмөттөрүнүн чарба китептери  жана паспортторун түзүү процессин автоматташтыруу;
- ички миграцияны эсепке алуу жана контролдоо;
- бизнес процесстерди жөнөкөйлөштүрүү жана актуалдуу маалыматтардын калыптанышын камсыз кылуу;
- «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү ситемасы аркылуу ведомстволук маалымат системалары менен интеграциялоо;
- көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү менен алардын негизинде статистикалык маалыматтарды жана отчетторду автоматтык түрдө түзүү;
- системада катталган жана түзүлгөн маалыматтар боюнча формаларды жана отчеттук документтерди түзүү.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы (муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү), «E-kyzmat»” (адам ресурстарын каттоо жана башкаруу автоматташтырылган тутуму) жана «Infodocs» (иш-кагаздарын электрондук жүгүртүү системасы) системасын киргизүү процесси башталды. 
Аталган системалар «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан  иштелип чыккан.

Партнеры