Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 08/05/2020
  • Просмотров: 1171
100 жаштагы "СССРдин жараны" Өзгөн шаарынан жаңы паспортун алды.

100 жаштагы "СССРдин жараны" Өзгөн шаарынан жаңы паспортун алды.
Маллабекова Саламатхан 46 жылдан кийин алгачкы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алган.
Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн, ошондой эле ЖААК документтеринин жоктугунан улам ал узак убакытка паспорт алуу үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
  Ош областындагы Өзгөн шаарынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери өз эсебинен бир катар документтерди калыбына келтирүүгө жардам беришип, анын негизинде комиссия түзүлүп, жарандыгы аныкталып, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (eID-карта) берилген.
Документтештирүү үчүн Калкты тейлөө борборунун операторлору апанын үйүнө мобилдүү калкты тейөө унаасы менен барып, паспорт эки күндүн ичинде тездетилген тартипте жасаган.
Өзгөн шаарынын Калк борборунун кызматкерлери С.Маллабекованын үйүнө келип, майрамдык маанайда Кыргыз Республикасынын жаранынын эң негизги жана эң маанилүү документи - анын жаңы паспортун берди. Ошондой эле белектер жана азык-түлүк тартууланды.
100 жаштагы Саламатхан апанын 6 баланын энеси, 28 неберенин чоң энеси, 106 чөбөрөсү жана 61 чөбөрөсү бар.

Партнеры