Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/05/2020
  • Просмотров: 1005
Бишкекте кошумча КТБларды ачуу процессин тездетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоосунун алкагында, ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен борбордогу ири КТБларды, тактап айтканда, Жаш Гвардия бульвары, 4 дарегинде жайгашкан 3-КТБда жарантардын топтолуусун төмөндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Бишкекте кошумча КТБларды ачуу процессин тездетти.

21-майдан баштап шаардык КТБлар менен бирге, эки КТБ өз ишин баштайт.

Аталган кошумча КТБлар Ленин районунун аймагында ("Фрунзе" ГМ Садырбаев көчөсү, 107 - Ахунбаев көчөсү менен Бах көчөсүнүн кесилишинде) жана Биринчи Май районундагы мурунку ЖААК кеңсесинин имараттарында, Тоголок Молдо көчөсү, 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет) өз ишин башташат.

Бүгүнкү күндө КТБ оңдоо түздөө иштери аяктап жатат.

Кошумча эки КТБ чоң КТБлардан айырмаланып, жарандарды төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

• 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштыруу

• 16 жашка толгондо (16 жаштагылар)

• Жаш балдарга жалпы жарандык паспорт

• 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун жоголушу

• ПИН

• Сүйүнчү

• Даяр паспортторду берүү

• Чет өлкөлүк жарандарды каттоо

• Жарандарды барган жери боюнча каттоо

• Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо

• Туулгандыкты каттоо

• Өлгөндүктү каттоо

• Аталыкты аныктоону каттоо

• Никеге турууну каттоо

Партнеры